11:41
USD 87.45
EUR 102.76
RUB 1.07

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү токтотулат

Бишкекте бүгүн, 2-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерге ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

Махатма Ганди көчөсүнөн тартып Күрөңкеев көчөсү менен Дзержинский көчөсүнө чейин жана Күрөңкеев көчөсүнөн түштүктү карай Дзержинский көчөсү менен Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсү менен Т. Молдо көчөсүнө чейин, андан Рыскулов көчөсүнө чейин жана Рыскулов көчөсү менен Манас проспектисине чейин, андан Манас проспектиси менен Чүй проспектисине чейин.

Манас проспектисинен Рыскулов көчөсү менен Турусбеков көчөсүнө чейин жана Турусбеков көчөсү менен Фрунзеге чейин, Фрунзе көчөсү менен Жаш Гвардия бульварына чейин.

Суу «Белинский» суу топтомосунда жана шаардагы суу түтүк тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар