Улуттук онкология борбору рентген аппараттарын сатып алат

11:38, 02 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Улуттук онкология жана гематология борбору рентген аппараттарын сатып алууга тендер жарыялаганын мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.

Бул үчүн тендерге ылайык 77,2 миллион сом бөлүү пландалууда.

Лоттор төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • жалпы багыттагы флюорография жана рентгенография үчүн санариптик система (40 млн сом);
  • мобилдик санариптик рентген аппараты (10,4 млн. сом);
  • санариптик U-колдук рентген аппараты (12,3 млн. сом);
  • санариптик С-колдук рентген аппараты (14,5 млн. сом).

Тендер 17-октябрга чейин кабыл алынат.