Кыргызстанда дан жана жашылчанын түшүмү былтыркы көрсөткүчтөн ашып кеткенин Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн да, жалпы түшүмүнүн да жогорулашы менен коштолду.
679 миң гектар талаанын 529 миң 700 гектары жыйналып бүттү. Бул пландаштырылган аянттын 78 пайызын түзөт. Былтыр бул көрсөткүч 520 миң 900 гектарды түзгөн.
Республика боюнча орто эсеп менен ар гектардан 31,6 центнерден түшүм алынды. Дандын дүң жыйымы 1 миллион 674 миң 400 тоннаны түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 158 миң тоннага көп.
Жашылчаларды жыйноо 44100 га (пландагы аянттын 78,1 пайызга) аяктады. Эң жакшы түшүм Жалал-Абад облусунда катталган.