Базар-Коргондогу жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

13:30, 02 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Текшерүүнүн жүрүшүндө Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан 2021—2022-жылдары Базар-Коргон айыл аймагы тарабынан жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз жер тилкелери берилгени аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Фото Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, Жети-Кошкон айылында, ошондой эле Актайлак-Ата тилкесинде жайгашкан ар биринин жалпы аянты 7,38 га, базар баасы 161 млн 622 миң сомду түзгөн 0,06 га 123 жер тилкеси Базар-Коргон районунун Актайлак-Ата участкасынын ээлигине кайтарылган.