Эльвира Сурабалдиева депутаттыкка талапкерликке биринчилерден болуп арыз жазды

15:01, 02 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Фото Борбордук шайлоо комиссиясы

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууну каалагандар Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бере башташты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Эльвира Сурабалдиевадан No23 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына (өз алдынча талапкер катары) катышуу ниетин билдирген арызы келип түшкөн.

Эльвира Сурабалдиева учурда 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт.