Президент Садыр Жапаров жайыт жерлерин унаа менен тебелеткендерге айып салып, техникасын конфискациялоону тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчысы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Президенттин айтымында, өлкөнүн булуң-бурчунда квадроциклдер менен тоо боорун тытмалап, чөптөрдү тыптыйпыл кылып жаткан учурлар өтө көбөйдү.
«Аны айдагандар — өзүбүздүн эле балдар. Ооба, туристтер деле бар, бирок көпчүлүгү — өзүбүздүн эле жарандар. Бир гана квадроцикл менен эмес, жол тандабас унаалары менен жайыттарга чейин чыгып кеткендер да арбыды.Тоо-ташка кеткен жолдор турса, көк шиберлерди тебелеп, каршы-терши жол салып, жайыттардан бери талкалап жатышат», -деди президент
Мындан улам, ички иштер министри менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрине тоо беттерин, көк шибер, жайыттарды квадроциклдер, жол тандабастар менен тебелегендерге айып пул салуу жана техникалык каражаттарын конфискациялоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүү тапшырмасын бердим.
Жайыттарды, көк чөптөрдү квадроцикл, унаалар менен тебелетпөө боюнча ишти жогоруда аталган эки министрлик эле эмес, жергиликтүү бийлик органдары дагы алып барууга тийиш. Унаа болобу, квадроцикл болобу жолдор менен гана айдалышы керек.
Тоо-ташка чыгып, эс алганы баргандарга кайрыларым: унааңарды жол менен эле айдап, жол түгөнгөн жерден түшүп, жөө эле бассаңыздар же болбосо унааңарды жол жээгине токтотуп, ат миниңиздер.
Бул маселе өлкө боюнча массалык мүнөзгө ээ болуп бараткандыктан, айла жок, сиздерге кайрылууга туура келди.
Ата-бабаларыбыздан таберик болуп мураска калган кооз табиятыбызга аяр мамиле жасайлы. Кийинки муунга, урпактарыбызга тоо-ташыбызды, жер-сууларыбызды кемитпей, коротпой, бузбай, таза сактап өткөрүп берели", — деп жазды Садыр Жапаров