20:40
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.07

Мурас-Ордо конушунун 20 жылдыгында жаңы сейил багы ачылды

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Мурас-Ордо конушунун 20 жылдыгына карата жаңы сейил багы ачылды

Борбор калаадагы Мурас-Ордо конушунун жашоочулары райондун 20 жылдыгына карата жаңы сейил бакка ээ болушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

1,12 гектар аянтты ээлеген бул сейил бак Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулду.

Жаңы эс алуу жайында төмөнкүлөр каралган:

  • Жөө адамдар үчүн жолдор;
  • Кичи футбол, балдар жана спорт аянтчалары;
  • Жайкы сахна жана арена;
  • Көрктөндүрүлгөн гүлзарлар.

Аймак толугу менен көрктөндүрүлүп, автоматтык сугат системасы, заманбап жарыктандыруу орнотулган. Мындан сырткары, тургундардын коопсуздугу үчүн сейил бактын айланасына видеокөзөмөл камералары коюлган.

Мааракенин жана сейил бактын ачылышынын урматына Съездбек Искеналиев, Динара Акулова, Алтынай Нарбаева сыяктуу белгилүү эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт тартууланды. Ошондой эле жаштар арасында футбол, аркан тартыш жана башка спорттук мелдештер уюштурулду.

Салтанаттуу аземде ошондой эле райондун тургундарына Биринчи май райондук муниципалдык администрациясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар