20:17
USD 87.44
EUR 102.65
RUB 1.07

Кыргызстандык Нурзат Нуртаева UWW дүйнөлүк рейтингинде үчүнчү орунду ээледи

Кыргызстандык Нурзат Нуртаева UWW дүйнөлүк рейтингинде үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу United World Wrestling сайтында маалымдалды.

UWW
Фото UWW

Жаңыланган рейтинг 13-21-сентябрда Хорватияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн.

Биздин спортчу 72 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, коло медалга ээ болуп, UWWдин жогорку тепкичине чыгууга мүмкүндүк берди. Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште ал франциялык Полин Лекарпентерди 5:0 эсебинде утуп алды.

Эскерте кетсек, 76 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз Республикасынын дагы бир өкүлү Айпери Медет кызы алдыңкы орунда турат.

Эң көп окулган жаңылыктар