12:07
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.07

Таласта бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Таласта бала бакча жер тилкеси менен муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Манас районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Семетей айылында жайгашкан эски № 5 бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү болгон 0,35 га жер тилкеси 1993-1994-жылдары мыйзам талаптарын бузуу жолу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталды.

Жыйынтыгында наркы 5,8 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар