10:37, 03 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Таласта бала бакча жер тилкеси менен муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Манас районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Семетей айылында жайгашкан эски № 5 бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү болгон 0,35 га жер тилкеси 1993-1994-жылдары мыйзам талаптарын бузуу жолу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталды.
Жыйынтыгында наркы 5,8 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.