11:35, 03 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
17-19-октябрь аралыгында Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев аянтында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата «АгроТехЭкспо — 2025» улуттук агроөнөр жай көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Көргөзмөдө заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктү коргоочу каражаттар жана асыл тукум мал жаныбарлары көрсөтүлүп, жарманкеде органикалык таза айыл чарба азык-түлүктөрүнүн бардык түрлөрү арзан сатылат.
Министрлик өлкөнүн бардык дыйкандарын жана фермерлерин борбор калаадагы эң ири көргөзмө-жарманкеге катышууга чакырат.