12:32, 03 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Үч-Терек айылына спорт комплексин курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Порталдын маалыматына ылайык, бул максатта 61 430 800 сом каралууда.
Тендердик арыздар 17-октябрга чейин кабыл алынат.
Иш өз убагында каржыланган шартта 2026-жылдын 1-августуна чейин бүткөрүлүшү керек.