Бүгүн, 3-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев шаардык мэриясынын бөлүмдөрүнө атайын техникаларды жана кызматтык унааларды тапшырды.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Камчыбек Ташиев өз сөзүндө бул техникалар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Токмок шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана тургундардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталганын белгиледи
Президенттин 2025-жылдын 29-сентябрындагы № 325 жарлыгына ылайык, Токмок шаары үчүн Турукташтыруу фондунан 2 миллиард 55 миллион 500 миң сом бөлүү чечими кабыл алынган. Бул каражаттар төмөнкү багыттар боюнча жумшалмакчы:
- 1 млрд 812,9 млн сом — шаар ичиндеги жолдорду капиталдык оңдоо жана куруу;
- 134,6 млн сом — Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу.
108 млн сом — муниципалдык техниканы жана коомдук транспортту жаңылоо (анын ичинде 10 автобус жана атайын бургулоочу техниканын эки бирдигин сатып алуу.
Мындан тышкары, Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жарандар менен тыгыз иштөөнү, иштердин сапаты жана мөөнөтү боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле келерки жылы да Токмок шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга кошумча каражаттар бөлүнөрүн белгиледи.