16:44
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.07

Оштун 2023-жылдагы бюджетинин аудити: 5 млрд сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы аудитор Бадахшан Рыскулиев жетектеген Ош шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү боюнча аудит жүргүздү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдагы шаар бюджети 3 млрд 224,2 млн сом деп такталган. Бирок кирешелер планы 92,7% гана аткарылып, 235,6 млн сом кем түшкөн. Айрыкча киреше салыгы жана ижара төлөмдөрү боюнча көрсөткүчтөр төмөн болгон. Чыгаша бөлүгү да толук ишке ашкан эмес, 91,8% гана аткарылган. Билим берүү жана социалдык коргоо тармактарында каражаттар толук колдонулган эмес.

Аныкталган мыйзам бузуулардын ичинен 1 млрд 952,6 млн сом калыбына келтирилиши керек болсо, бүгүнкү күндө болгону 31,2 млн сому гана кайтарылган. Негизги кемчиликтер бухгалтердик эсептин туура жүргүзүлбөшү, сатып алуулардагы мыйзам бузуулар, муниципалдык мүлктү максатсыз пайдалануу жана 2,9 млн сомдук материалдык баалуулуктардын жетишпестиги менен байланыштуу.

Эсептөө палатасы
Фото Эсептөө палатасы. Оштогу аудит

"Эсептөө палатасынын Кеңеши Ош мэриясына жана тиешелүү органдарга мыйзам бузууларды жоюу, бюджеттин натыйжалуу жана мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу боюнча сунуш берди. Аудиттин жыйынтыктары Башкы прокуратурага да укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлдү",-деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Шайкештик аудит мамлекеттик жана муниципалдык ресурстардын мыйзамдуулугу менен бирге алардын натыйжалуулугун да баалоого багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар