19:49
USD 87.44
EUR 102.65
RUB 1.07

Кооптуу таштар түшүрүлөт: Боом капчыгайында жол жарым-жартылай жабылат

6-октябрдан 10-октябрга чейин Боом капчыгайынын аймагында (Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 128-чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК мамлекеттик ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, кооптуу таштарды түшүрүү иштери аба ырайынын шарттарын эске алуу менен темир жолдун 3 898-чакырымында жүргүзүлөт.

Чектөөлөр жана мөөнөттөр:

  • Иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт.
  • Иш учурунда жол жарым-жартылай жабылат.
  • Унаалар топтолгон таштар тазаланган учурда бир тилке менен өткөрүлөт.
  • ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери аталган аймакта көзөмөл жүргүзүшөт.

Ишкана айдоочуларды жол кыймылындагы чектөөлөрдү эске алып, сапарларды алдын ала пландап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар