Баткендеги «Төрт-Күл көчмө механикалаштырылган колоннасы» мамлекетке кайтарылды

17:08, 03 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Фото
УКМК Баткен шаарындагы Төрт-Күл көчмө механикалаштырылган колоннасынын (ПМК) мүлкүн жана ага чектеш жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, автоматташтырылган маалыматтык системада катталган тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын негизинде «Төрт-Күл КМК» АКнын жетекчилиги өз аракеттеринин мыйзамсыз экенин моюнга алып, жалпы аянты 0,63 гектар болгон мүлк комплексти ыктыярдуу түрдө шаардык мэриянын балансына өткөрүп берди.

УКМК басма сөз кызматы. Баткендеги «Төрт-Күл көчмө механикалаштырылган колоннасы» мамлекетке кайтарылды
УКМК бул багыттагы мыйзамсыз өткөрүлгөн социалдык инфраструктура объектилерин жана жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.