17:20, 03 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Жылытуу мезгилинин алдында абоненттер жаратылыш газына болгон карыздарын мүмкүн болушунча эртерээк төлөөсү керек. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы эскертет.
Маалыматта белгиленгендей, «Акылдуу» (электрондук) эсептегич орнотулган абоненттерде эгерде карыздын айынан газ өчүрүлсө, аны кайра туташтыруу компаниянын гана атайын кызматкери тарабынан жүргүзүлөт, бул коопсуздук талаптарын сактоо үчүн маанилүү.
Газ арыз берилген күндөн тарта 3 иш күндүн ичинде кайра туташтырылат. Жылытуу мезгилинин башталышында кезек күтүүдөн жана ыңгайсыздыктардан сактануу үчүн, туташууга арызды кечиктирбөө сунушталат.
Карызды компаниянын филиалдарында, ошондой эле «МБанк», «Оңой» жана «Бакай Банк» төлөм системалары аркылуу төлөсө болот.