АКШга 250-жыл: Дональд Трамптын сүрөтү 1 долларлык монеталарга басылат

08:00, 06 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

АКШ өзүнүн 250 жылдыгына карата 1 долларлык монетага Трамптын сүрөтүн басып чыгарат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, АКШнын Каржы министрлиги 1 долларлык монетанын дизайнын тастыктады, анда президент Трамптын сүрөтү түшүрүлөт.

Фото Интернеттен алынды

АКШнын Каржы министрлиги келерки жылга атайын 1 долларлык монета чыгарууну пландап жатканын билдирди. Монетанын дизайнында бир бетинде Трамптын профили чагылдырылган. Башка тарапта Трамп муштумдарын түйүп, америкалык желектин алдында турат. Анын сүрөтүнүн үстүндө «Согуш, согуш, согуш» деген сөздөр бар.