III КМШ оюндары: Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар 6 медаль утушту

08:30, 06 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

КМШ мамлекеттеринин III оюндарында кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбандар алты медаль утуп алышты. Бул тууралуу аталган оюндардын сайтында маалымдалды.

Кыз-келиндер күрөшүндө Аяна Асамаликова (65 кг) алтын алса, Асема Төрөгелдиева (53 кг), Акылай Чыныбаева (61 кг), Сезим Жолдошбекова (57 кг) күмүш медалга ээ болушту.

Эркектер арасындагы турнирде Ринат Солтоев (55 кг) күмүш, Адил Карыпбеков (48 кг) коло байгеге ээ болду.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 7-октябрда өтөт.

КМШнын III оюндары Азербайжандын жети шаарында өтүп жатат жана 8-октябрда жыйынтыкталат. Программада спорттун 21 түрү боюнча мелдештер болуп, 505 медаль ойнотулат.

Кыргызстандын атынан 126 спортчу катышууда. Учурда биздин команда жалпы эсепте алтынчы орунда турат