08:40, 06 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстандын аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болгонун Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Институттун маалыматы боюнча, жер титирөө бүгүн саат 02:28де катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында (Талас кырка тоосунда), Чакмак-Суу айылынан 23 чакырым түндүк-батышты карай, Башкы-Туш айылынан 25 чакырым түндүктү карай, Талас шаарынан 85 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Чакмак-Суу айылында 5,5 балл, Башкы-Терек айылында 5 балл, Кара-Сай, Кек-Сай, Шекер, Кайнар, Чоң-Кара-Буура, Бакай-Ата айылдарында 4,5 балл, Таласта 4 балл сезилген.