Жалал-Абадда 5 кг бангизат менен чет элдик жаран кармалды

11:30, 06 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандан Өзбекстанга баңгизаттарды ташуу каналына бөгөт коюлду.

Атайын кызматтан билдиришкендей, чет элдик А.А.А. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун аймагынан 5 кг салмактагы гашиш аттуу ири өлчөмдөгү баңги затын сатып алып, аны Өзбекстанга өткөрүп берүүнү пландаганы аныкталды.

УКМК басма сөз кызматы. Жалал-Абадда 5 кг бангизат менен чет элдик жаран кармалды
2025-жылдын 2-октябрында КР Кылмыш жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айылынын Лола тилкесинде КР- ӨР Мамлекеттик чек арасына жакын жерде 5 кг баңги заты менен А.А.А. кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.