16:20, 06 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев талапкерлерге интернетте жана массалык маалымат каражаттарында ар-намысына шек келтирип, кемсинткени үчүн айып пул салынарын эскертти.
Ал белгилегендей, Ички иштер министрлиги арыздарды кабыл алып, протокол түзүп, сотко өткөрүп берет.
«Эгер сот жалган маалымат таратканын аныктаса, 20 миң сом, ал эми маалымат тараткан маалымат каражатына 65 миң сом айып салынат», — деди ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 10-февралдан тарта Кылмыш-жаза кодексиндеги интернет аркылуу мазактоо жана кадыр-баркына шек келтиргендер үчүн айып пул салуу боюнча жаңы норма күчүнө кирди. «ММКда, интернет сайтында же сайттын баракчасында жазылган каралоо жана кемсинтүү» үчүн жеке адамдар 20 миң сом, юридикалык жактар 65 миң сом төлөшөт.