16:33, 06 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бекболотов Бектен Турсунбекович суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Кызматка дайындоо жөнүндө тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бектен Бекболотов 1973-жылдын 10-октябрында туулган. Эки жогорку билимдин ээси.
1997-жылдан тартып түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенип келген.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.