Бүгүндөн тарта Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ болбойт

08:30, 07 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төмөн жана орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 7-8-октябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Улук Тоо көчөсү, Корсаковы көчөсү, Кок-Кыя көчөсү, Батыш көчөсү.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.