«Кыргызиндустрия» ишканасынын мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.
Жарасул Абдураимов 1960-жылы Алай районунун Гүлчө айылында жарык дүйнөгө келген. 65 жаштагы саясий ишмер Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы завод, «Дастан» сыяктуу бир топ ишканаларда жетекчилик кызматтарда жүргөн. 2013-2015-жылдары «Кумтөр Голд Компани» ишканасында иштесе, 2020-2021-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январь айына чейин экономика жана коммерция министринин орун басары кызматын аркалаган. 2023-жылдын соңунда президент Садыр Жапаров Жарасул Абдураимовго «Өнөр жайга эмгек сиңирген ишмер» деген наам ыйгарган.