Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесинде иш-чаралар өтөт. Президенттин жарлыгы

11:32, 07 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Президент Садыр Жапаров «Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Доументке ылайык, 2028-жыл Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланды.

Министрлер Кабинетине ушул жылдын аягына чейин мамлекеттик органдардын, илимий коомдоштуктун, чыгармачыл бирикмелердин, жарандык коомдун, чет өлкөлүк ишмерлердин жана эл аралык уюмдардын катышуусунда мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү тапшырылды.

2026-жылдын биринчи кварталынын аягына чейин Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын планы иштелип чыксын жана бекитилсин.

План төмөнкүлөрдү камтыйт:

Талас облусунун Айтматов районунун Шекер айылында жайгашкан «Чыңгыз-Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексин «Айтматов ааламы» («Вселенная Айтматова») деп кайра атоону жана курулуш иштерин аяктоону;

жогоруда аталган борбордун жана музей-комплекстин инфраструктурасын эл аралык маданий туризмдин стандарттарына ылайык келтирүүнү;

Ч. Айтматовдун мурасын эл аралык таануу, анын ичинде чет өлкөлөрдө көргөзмөлөрдү, конференцияларды жана иш-чараларды тийиштүү жылга каралган республикалык бюджеттин чегинде, ошондой эле тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен уюштуруу боюнча аракеттерди күчөтүүнү;

Ч. Айтматовдун 100 жылдыгын ЮНЕСКОнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында белгилөө жөнүндө маселени демилгелөөнү; адабият, философия, дипломатия жана гуманисттик баалуулуктарды жайылтуу жаатындагы өзгөчө жетишкендиктер үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыкты уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүүнү;

Ч. Айтматовдун мурасын изилдөөгө жана түшүндүрүүгө арналган илимий жана маданий иш-чараларды өткөрүүнү;

Ч. Айтматовдун чыгармаларынын академиялык жыйнагын мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде даярдоону жана жарыялоону;

ата мекендик жана чет өлкөлүк кинематографисттерди тартуу менен Ч. Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган көркөм жана документалдык фильмдерди жаратуу боюнча долбоорду иштеп чыгууну жана ишке ашырууну;

мааракеге арналган кеңири масштабдуу маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүнү;

Ч. Айтматовдун ысымын көчөлөргө, мектептерге, китепканаларга жана башка объекттерге ыйгарууну; «Тарыхый окуялар» сериясындагы 100 сом номиналындагы «Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы» коллекциялык алтын монетасын чыгарууну.

Иш-чаралар республикалык бюджеттен, ошондой эле бюджеттен тышкаркы жана эл аралык ресурстардан каржыланат.

Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.