16:31, 07 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Окумуштуулар Джон Кларк, Мишель Девор жана Джон Мартинис кванттык туннелдерди түзүү боюнча изилдөөлөрү үчүн физика боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу болушту. Бул тууралуу Нобель комитетинин сайтында жарыяланды.
«Физикадагы чечүүчү суроо — бул кванттык механиканын эффекттерин көрсөтүүгө жөндөмдүү системанын максималдуу өлчөмү. Быйылкы Нобель сыйлыгынын лауреаттары электр чынжыры менен эксперименттерди жүргүзүштү, ал кол менен бата тургандай чоң системада кванттык-механикалык туннель түзүүнү жана кванттык энергиянын деңгээлин көрсөттү», — деп айтылат пресс-релизде.