01:59
USD 87.45
EUR 101.58
RUB 1.07

Италия Кышкы Олимпиада оюндарын өткөрүү үчүн жалпы тынчтыкты суранды

Италия келерки жылы Миланда жана Кортина-д’Ампеццодо өтүүчү Кышкы Олимпиада оюндарына Олимпиадалык келишимди жарыялоо боюнча БУУга сунуш киргизет. Бул тууралуу Италиянын тышкы иштер министри жана вице-премьер-министр Антонио Таяни билдиргендигин ТАСС маалымат агенттиги жазып чыкты.

«Рим жана Италия ар дайым тынчтыкты, өнүгүүнү жана өсүүнү жактап келишкен. Миландагы жана Кортина-д’Ампеццодогу Олимпиаданы эске алуу менен биз БУУга бардык аскердик операциялар, анын ичинде Украина жана Жакынкы Чыгышта да олимпиадалык тынчтык келишимин түзүү боюнча сунуш киргизебиз», — деп ТАСС анын сөзүн келтирди.

Эске салсак, 25-кышкы Олимпиада оюндары 2026-жылдын февраль айында Италиянын түндүк-чыгышында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар