22:18
USD 87.45
EUR 101.58
RUB 1.07

Кыргызстанда Жусуп Абдрахманов тууралуу тарыхый драмалык тасма тартылат

Төлөмүш Океев атындагы улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы «Жусуп» толук метраждуу тарыхый драмалык тасмасын тарта баштады. Бул тууралуу аталган киностудиядан билдирди.

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө чоң салым кошкон улуу ишмер Жусуп Абдырахмановдун өмүрүнө жана мурасына арналган «Жусуп» аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык фильмди өндүрүшкө жиберди.

Тасмада Абдырахмановдун татаал тагдыры жана улуттук мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөөдөгү чечүүчү ролу чагылдырылат. Долбоордун максаты — улуттук тарыхтын маанилүү барактарын эске салуу жана жаңы муунга мекенчилдик рухун жеткирүү болуп саналат.

Тасманын режиссёру — Кыргыз Республикасынын Маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев. Азыркы тапта даярдык иштери жүрүп, ролдорго кастинг жана тартуу локацияларын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Тартуу Москва, Санкт-Петербург, Ташкент шаарларында жана Кыргызстандын аймактарында өтмөкчү.

Тасманын бет ачары 2026-жылдын 25-августуна белгиленип, ал Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин 100 жылдыгына жана Жусуп Абдырахмановдун 125 жылдык мааракесине арналат.

Эң көп окулган жаңылыктар