Эрнест Жусупов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды

08:30, 08 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Жусупов Эрнест Ысакович өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Фото ӨКМ . Эрнест Жусупов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды
Эрнест Жусупов 1982-жылы туулган. 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. Ал эми аскердик билимин 2016-жылы Россия ӨКМинин Жарандык коргонуу академиясынан алган.

Аскердик наамы: подполковник.

Буга чейин ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген.

Сыйлыктары:

ӨКМдин «Мыкты аскердик кызматы үчүн» II даражадагы медалы — 2017-жыл;

ӨКМдин «Мыкты аскердик кызматы үчүн» II даражадагы медалы — 2023-жыл;

ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн медалы — 2022-жыл;

Жазаралды аткаруу кызматынын «Устат» медалы — 2024-жыл.