Учурда Кыргызстанда үгүт иштери жүрүп жатса, мыйзамсыз. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, үгүт иштери 10-ноябрда башталат.
«Президенттин шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыгы чыккан күндөн тартып 30-сентябрдан баштап үгүт иштери мыйзамсыз. Бул адамдар азырынча талапкер катары каттала элек», — деди БШК башчысы.
Ал келечектеги талапкерлерди мыйзамды сактоого чакырды. Бул азырынча эскертүү, бирок мыйзамда каралган чаралар алдыда колдонулат.
Тынчтык Шайназаров
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо парламент тарагандан кийин 30-ноябрда өтөт. Шайлоо мажоритардык система боюнча өтөт: 90 депутат 30 көп мандаттуу округдан, ар биринен үчтөн шайланат. Орундардын бири аялдарга берилет. Талапкерлер саясий партиялар тарабынан же өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүлүшү мүмкүн.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын 1-октябрына карата республикада 4 миллион 287 миң шайлоочу катталган. Алдын ала тизмелер www.tizme.gov.kg порталында 8-октябрда жарыяланып, 14-октябрда шайлоо участкаларына жайгаштырылат. Шайлоого жарамдуу экениңизди онлайн, 1255 телефону, 119 номуруна SMS жөнөтүү же шайлоо участогу аркылуу текшерсеңиз болот.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталып, добуш берүүгө бир күн калганда, 29-ноябрда саат 8:00дө аяктайт, сырттан добуш берүүгө арыздар 28-ноябрга чейин кабыл алынат.
Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгарылып, расмий жарыяланат.