Бишкекте «Ак-Ордо» конушунда жасалган адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, социалдык түйүндөрдө «бул жаш эле бала экен, кантип эле өлтүрүп койсун?» - деген пикирлер жазылып жатат.
Бирок Дайырбек Орунбеков адам өлтүрүүгө тиешеси бар экенин 100% тастыктаган далилдердин баары ИИМде бар экендигин баса белгиледи.

Кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар, фактылар чогултулуп, кылмыш кылуунун максаттары боюнча так аныкталды. Тергөө жүрүп жатат. Ал тургай, эки адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган баланын атасы боюнча дагы маалыматтар келип түштү.
Шектүүнүн атасы Майрамбек Садыков дагы мурда эки жолу соттолгон экен. Уюшкан кылмыш тобунун жетекчилеринин бири, «Дөө Чынгыздын» уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган. Кийин, «Дөө Чынгыздын» акыркы сапарга узатуусунда дагы катышкан", — деген ал.
Ал ошондой эле жөн эле бир байкушту кармап алып, мойнуна илип коюу оюнчук эмес. Бул окуя резонанска айланды, ИИМ дыкат жана оперативдүү иштеди. 100 пайыз тастыктаган маалыматтарга ээ экенин белгилеген.
«Кылмышка шектүүнүн жаш курагын эске алып, «окшошпой жатат, башканы эле кармап алдыңар» деген талкууларга чекит коелу. Милиция өз ишин кылып жатат, ар бирибиз эле эксперт боло бербейли. Кылмышка шектүүнүн адам өлтүрүүгө чейинки жүргөн жерлери, видеолору, 100% тастыктаган далилдердин баары ИИМде бар. Жөн эле бир байкушту кармап алып, мойнуна илип коюу оюнчук эмес. Бул окуя резонанска айланды, ИИМ дыкат жана оперативдүү иштеди. 100 пайыз тастыктаган маалыматтарга ээ!
Бул окуя — кылмышкерлерге же кылмыш кылууну максат кылгандарга дагы сабак болушу керек. Азыр заман башка, техникалык мүмкүнчүлүктөр өнүккөн. Баары бир кармаласыңар. Андыктан жаман ойго баруудан мурда, башканын жана өз тагдырыңарды талкалап алуудан кармангыла",- деп жазган Орунбеков.