08:00, 09 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
КМШнын III оюндарында Кыргызстандын командасы медалдык эсепте алтынчы орунду ээледи. Бул тууралуу турнирдин сайтында маалымдалды.
Биздин команда 25 медалга ээ болду: бир алтын, 15 күмүш жана тогуз коло.
Турнирде биринчи орунду Россия командасы алып, 231 медаль, анын ичинде 130 алтын, 61 күмүш жана 40 коло утуп алды. Азербайжан 184 медаль (33 алтын, 56 күмүш жана 95 коло) менен экинчи болду. Беларусь 122 медаль (32 алтын, 38 күмүш жана 52 коло) менен 3-орунду ээледи.
КМШнын III оюндары Азербайжандын жети шаарында өттү. Программада спорттун 21 түрү боюнча мелдештер болуп, 505 медаль ойнотулду.
Кыргыз Республикасынын атынан 126 спортчу катышты.