Ажылык −2026. Муфтият зыяратчылар арасынан ажылык топтордун жетекчилерин тандайт

10:19, 09 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылык тобунун башчылыгына талапкерлерди каттоо башталганын билдирди.

Каттоо 8-октябрдан 23-октябрга чейин облустук казыяттар тарабынан өткөрүлөт, деп тактады Муфтиат

Алгачкы тестирлөө сынактары 28-октябрда өтүп, андан ийгиликтүү өткөн абитуриенттер 29-октябрда аңгемелешүүдөн өтөт.

Талапкерлерге талаптар:

  • 55 жаштан жогору эмес;
  • Маалыматтык технологияларды эркин билүү;
  • Ажылык учурунда зыярат кылуучу жайлардын диний маанисин билүү;
  • Араб тилин билүү;
  • Уюштуруучулук жөндөмдөрү.