Нургазы Асылбеков Талас шаарынын мэри болуп дайындалды

13:38, 09 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Талас шаарынын жаңы мэри болуп Нургазы Асылбеков дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Талас шаарынын буга чейинки мэри Байышбек Астанакулов 2025-жылдын 16-июлунда Талас облусунун Талас районунун акими болуп дайындалган.

Нургазы Асылбеков 2022-жылдын май айынан бери Талас облусунун Бакай-Ата районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

2022-жылдын 9-декабрынан бери Айтматов райондук ветеринария башкармалыгынын башчысы болгон.

2024-жылдын 17-январында Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары жана акими болуп дайындалган.

2025-жылдын 14-апрелинде президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалган.