20:46
USD 87.45
EUR 101.55
RUB 1.07

Ош облусунда жыл аягына чейин 100 миңден ашык акылдуу эсептегичтер орнотулат

Энергетика министрлиги тургундарды акылдуу электр эсептегичтери менен жабдуу программасын улантууда. 2025-жылдын аягына чейин Ош облусуна 100 миң 850 эсептегич орнотууну пландоодо.

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 78 миң 475 эсептегич орнотулду. Калган 22 миң 375и жыл аягына чейин орнотулат. Ош шаарында иштер толугу менен аяктады.

Министрлик акылдуу эсептегичтерди киргизүү коррупцияны азайтып, энергияны үнөмдөөгө жана маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде өткөрүү аркылуу эсеп-кысап тактыгын жакшыртаарын баса белгилейт.

Тургундар электр жарыгы боюнча суроолору боюнча 105 же 1209 номуруна 7/24 чалса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар