Каракол шаарына суу жээгиндеги сейил бак курулат

15:21, 09 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Каракол шаардык муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы Каракол дарыясынын жээгиндеги сейил бактын долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматы боюнча, бул үчүн 3 миллион 855 миң 100 сом бөлүү пландалууда.

Катышуучулар өз сунуштарын 14-октябрга чейин бере алышат.

Буга чейин президенттин басма сөз кызматы Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарын өнүктүрүү планын билдирген. Аткаминерлердин айтымында, суу жээгиндеги парктын узундугу 2 чакырымды түзүп, жөө жүргүнчүлөр, велосипедчилер жана активдүү эс алууну сүйүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.