08:30, 10 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстандын Күрөш боюнча улуттук курама командасы Чуваш Республикасынын Новочебоксарск шаарында өтүп жаткан II Дүйнөлүк күрөш оюндарына катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-октябрга чейин улана турган мелдештин программасына спорттун 17 түрү, анын ичинде кыргыз элинин салттуу спорту болгон кыргыз күрөшү дагы киргизилген.
Кыргыз күрөшү боюнча мелдеш алты салмак категориясында өтүп, ага 20 өлкөдөн 100дөн ашуун балбан катышууда.
Кыргызстандын курама командасынын курамына төмөнкү спортчулар кирет:
Толубай Шүкүров — 60 кг чейин;
Арлен Эстебесов — 66 кг чейин;
Назарбек Космосбек уулу — 72 кг чейин;
Мыктыбек Өмүрзак уулу — 84 кг чейин;
Азизхан Мусабек уулу — 90 кг чейин;
Бактияр Мирлан уулу — 90 кг жогору.