Роза Мамырбаева президенттин иш башкаруучусунун орун басары болуп дайындалды

09:46, 10 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Роза Мамырбаева КР Президенттинин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгон.

Элмира Үсөнова президенттин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.