20:16
USD 87.45
EUR 101.25
RUB 1.07

Кыргызстандын мамлекеттик коргонуу ишканалары бириктирилет

Коргоо министрлиги өзүнө караштуу мамлекеттик ишканаларды кайра түзөт. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин токтому менен кабыл алынды.

Токтомго ылайык, «Аскердик соода башкармалыгы», «Кыргыз курулуш», «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканалары бириктирилет. Алардын базасында жаңы «Кыргызкоргоосервис» ишканасы түзүлөт.

Мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү тапшырмасы берилди. Коргоо министрлиги Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүүнү, ошондой эле бардык мыйзамдуу жол-жоболор аткарылышын камсыз кылат.

Натыйжада бул ишканалардын ишин жөнгө салуучу өкмөттүн жана министрлер кабинетинин мурда күчүнө кирген бир катар токтомдору күчүн жоготту.

Кайра уюштуруунун максаты — мамлекеттик коргонуу ишканаларынын ишин оптималдаштыруу, алардын натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу.

Эң көп окулган жаңылыктар