Боом капчыгайында кооптуу таштар түшүрүлөт. 13-17-октябрда унаа кыймылы чектелет

15:39, 10 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

13-17-октябрда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 128-чакырымындагы Боом капчыгайынын аймагында (темир жолдун 3898-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, таш түшүрүү иштери аба ырайынын шарттарын эске алуу менен, күндүзү саат 09:00дөн 15:00гө чейин аткарылат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында ЖКККББ тарабынан унаа жол убактылуу жарым-жартылай жабылат.

Унаа жолду таштардан тазалоо учурунда кыймыл бир тилке боюнча уюштурулат. Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолсо, таштарды түшүрүү иши убактылуу токтотулуп, унаалардын өтүшү камсыздалат.