Кеминде Кызыл китепке кирген бугунун баласы куткарылды

15:47, 10 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кемин районунун Боо-Жетпес коктусунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй облустук администрациясынын корголуучу жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын кызматкерлери менен NABU уюмунун өкүлдөрүнүн биргелешкен иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, малчы С.Э. бир ай мурда жайлоодо мал карап жүрүп, жаракат алып баса албай калган бугу маралдын 1 баш музоосун таап алып, койлору менен кошо багып, анын жараатын айыктырган. Жаныбар айыккандан соң чабан жаратылышты коргоо бөлүмүнө кайрылган.

Бул үчүн малчы С.Э.ге үчүн ыраазычылык билдирилип, тиешелүү акт түзүлүп, музоо NABU уюмунун Терек-Сулуу коктусунда жайгашкан жабыр тарткан жаныбарларды жандандырып кайра кое берүү реабилитациялык борборуна өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, бугу марал КР Кызыл китебине кирген жаныбар болуп саналат, министрлер кабинетинин 12.07.2024-ж. № 384 токтомунун редакциясына ылайык, 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом айып салынат.