Ата мекендик экономиканын кыймылдаткыч күчү болгон Кумтөр кениндеги оор техникаларды оңдоочу цех стратегиялык мааниге ээ. Анткени ар кандай жабдуулардын токтоп калышы алтын өндүрүүнү үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.
Кызматкерлер арасында MEGASHOP деп аталган цехте төрт нөөмөттө иш үзгүлтүксүз жүргүзүлөт жана ар биринде 300 адам эмгектенет. 4500 чарчы метр аянтты ээлеген цех бир эле убакта 14 оор техниканы оңдой алат.
Жакында Hitachi компаниясынын вице-президенти Эйдзи Фукуниши кен жерине барып, ишкана менен таанышып чыккандан кийин мындай масштабдагы оңдоочу жайды Борбор Азияда биринчи жолу көрүп жатканын белгиледи.
Бул видеоролик «Кумтөр» кениндеги оор тоо-кен техникасын оңдоочу цехтин механизаторлорунун жооптуу жана татаал иши тууралуу баяндайт.