16:34, 10 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Каракол шаардык «Суу канал» ишканасынын жетекчилигинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат борбору билдирди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2023-жылы Каракол шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо максатында жооптуу кызматкерлер тарабынан шаардагы суу алуучу жайлардын биринин аймагындагы үч скважинага бургулоо иштери боюнча тендер өткөрүлүп, 2023-жылдын 31-декабрына чейин тендердин баасы 38 миллион 927 миң сомду түзгөн.
Өз кезегинде аталган муниципалдык ишкананын кызмат адамдары долбоордон четтегенине карабастан, аткарылган иштердин ашыра көрсөтүлгөн актыларына кол коюп, ошону менен мамлекеттик бюджетке 6 млн.сомдон ашык зыян келтиришкен.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, Каракол шаардык «Суу канал» ишканасынын жетекчиси О.Ж.К. жана «В» ЖЧКсынын жооптуу кызматкери Д.Р.К. Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.