08:00, 13 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2034-жылкы Дүйнө футбол чемпиондугун 2035-жылдын январына жылдырууну карап жатат. Бул тууралуу The Athletic жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, мунун негизги себептери Сауд Аравиясында күтүлүп жаткан ысык аба ырайы жана турнирдин даталары мусулмандардын ыйык Рамазан айы менен дал келүүсү болуп жатат. Жай айларында Сауд Аравиясында абанын температурасы 52°Cге (122°F) чейин жетет. Буга чейин ФИФА 2022-жылкы дүйнөлүк чемпионатты ушул эле себеп менен кышында Катарда өткөргөн. Турнир 2022-жылдын 20-ноябрынан 18-декабрына чейин өттү.
Эске салсак, Сауд Аравиядагы дүйнө чемпионаты беш шаардын 15 стадионунда өтөт деп күтүлүүдө. Оюндар Эр-Рияд, Жидда, Абха, Аль-Хобар жана өлкөнүн түндүк-батышындагы курула элек Неом шаарларында өткөрүлөт. Neom стадионунун пландары боюнча, ал деңиз деңгээлинен 350 метр бийиктикте жайгашып, жогорку ылдамдыктагы лифттер жана айдоочусу жок унаалар гана кире алат.
Кийинки дүйнөлүк чемпионат 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Турнирге тарыхта биринчи жолу 48 команда катышат.