10:24, 13 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы жетекчиси дайындалды. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы дайындалган жетекчиси Реми Дюфлодон ишеним грамотасынын көчүрмөсүн алды.
Медер Абакиров Европа Биримдиги менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, өлкө өз ара ишеним жана сыйлоо принциптеринин негизинде кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи.
Реми Дюфло өз кезегинде байланыштар мындан ары да чыңдалаарына ишенерин билдирип, зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.