Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга расмий билдирүү таратты.
Комиссия социалдык тармактарда шайлоого катышуу ниетин билдирген айрым жарандар үчүнчү тараптын мобилдик тиркемелери аркылуу шайлоо өнөктүгүнүн фондуна акча чогултууну сунуштаган билдирүүлөр тарап жатканын белгиледи.
Алар ошондой эле, мындай аракеттер шайлоо мыйзамдарына каршы келерин баса белгилешти.
Каражаттарды шайлоо фонддоруна «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» аркылуу, анын ичинде алардын расмий мобилдик тиркемелери аркылуу гана которууга болот. Бул кызматтар аркылуу мыйзамдуу, ыктыярдуу кайрымдуулукка гана уруксат берилет.
Ар бир талапкер жана партия бардык түшкөн каражаттар салынган бирдиктүү атайын эсеп ача алат. Бул каражаттар жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынан, ошондой эле талапкерлердин жеке каражаттарынан түзүлөт.
КР Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин бардык катышуучуларын мыйзамсыз акча чогултуудан алыс болууга чакырып, мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылаарын эскертти.