11:12, 13 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
«Айыл Банк» кардарларына жаңы мүмкүнчүлүк сунуштайт: «Кепилдик Фонд» ААКсынын «Келечек» кепилдиги менен баштапкы төлөмсүз батир алууга болот. Бул өзгөчө чечим кыргызстандыктарга көптөн күткөн өз үйүнө ээ болууга жардам берет.
«Келечек» кепилдиги турак жайдын баасынын 30 пайызына чейин жабат жана кардарларды баштапкы төлөм чогултуу зарылчылыгынан бошотот. Программа даяр батирлерге да, курулуп жаткан үйлөргө да туура келет. Кепилдик бир жолу гана таризделет, ал эми комиссия болгону 2 пайызды түзөт.
Программанын мүмкүнчүлүгүн Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, өлкө ичинде эмгектенген же ишкерлик менен алектенген жана кеминде 1 жылдык тажрыйбасы баржарандар пайдалана алышат.
Мөөнөтү: 10 жылга чейин
Пайыздык чен: жылына 16 пайыздан баштап
Башка банктан алынган ипотеканы кайра каржылоо мүмкүнчүлүгү — 16 пайыздык чен менен
18 пайыз — өз каражаты 30 пайызга чейин болгондо
16 пайыз — өз каражаты 30 пайыздан жогору болгондо
18 пайыз— «Келечек» кепилдиги менен
16 пайыз— кайра каржылоо учурунда
Толук маалыматты ab.kg сайтынан же «Айыл Банктын» сизге жакын кеңсесинен ала аласыз.
Телефон: 5511
Улуттук банктын лицензиясы № 048