11:07, 13 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга кайрылып, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырды.
Министрликтин маалыматка ылайык, бүгүн, 13-октябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык.
Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери зарыл учурларда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.
Ошол эле кезде министрлик тарабынан 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата инерттик материалдарды камдоо жана техникаларды кышкыга даярдоо иштери кызуу уланууда.
«Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууну унутпаңыз», — деп айтылат маалыматта.