22:00
USD 87.45
EUR 101.31
RUB 1.07

Бишкекте 13-17-октябрга чейин айрым аймактарында газ өчүрүлөт

Газ түтүгү иштерине байланыштуу 13-17-октябрга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулган. Бул тууралуу «Бишкекгаздын» басма сөз кызматы билдирди.

Өчүрүү аймагына Ибраимов көчөсү, Жибек Жолу проспектиси, Сүйүмбаев көчөсү, Чүй проспектиси жана Осмонкул, Москва, Токтогул, Абдрахманов көчөлөрү кирет.

14-15-октябрда Байтик Баатыр, Медеров, Панфилов, ВБЧК көчөлөрү менен чектешкен аймактарда газ өчүрүлөт.

16-17-октябрда Жукеев-Пудовкин, Токомбаев, Сухэ-Батор, Юнусалиев, Безымянная көчөлөрүндө газ берүү токтотулат.

«Бишкекгаз» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана өчүрүү учурунда альтернативдүү энергия булактарына өтүүнү суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар